БОРБОРДУК АЗИЯ ЖАНА КОШУНАЛАР (1-б.) ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ
Аймактагы миграция

Борбордук Азиянын абалы уникалдуу. Бул дүйнөдөгү бардык ири геосаясий күчтөрдүн кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы үчүн аянтча болуп эсептелген маанилүү (айрым бир суроолордо контингент үчүн чечүүчү) аймак. Эми өзүӊүздөр таразалаӊыздар.

— БА пайдалуу кендерди жеткирүүдөн кытайлык жана европалык өндүрүштүн ишмердиги көз каранды.

— БА түзүлгөн өзгөчө бажы режими дүйнөдөгү ири көмүскө импорттун бирөөсүн түзөт.

— БА АКШга, Сауд Аравиясына, Батыш Европага адамдардын олуттуу агымы агылган ири миграциялык коридорду түзүп турат.

* Азыркы учурда Украинадагы аскердик аракеттерге байланыштуу, ЕБ үчүн аймактын маанилүүлүгү мурункудан дагы өстү.

…экинчи тараптан, Борбордук Азия мамлекеттери өзүнүн жарандарынын жашоосу үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда көз карандысыздыктан дээрлик толук түрдө ажыраган.

Аймактын бардык өлкөлөрү көзгө көрүнбөгөн миӊдеген жиптерге байланган сыяктуу. Адатта мындай өз ара байланыштар таптакыр байкалбайт жана ал тургай түшүнүксүз дагы. Бул жиптерди көрүүгө болбойт/кандай болгон күндө дагы аны жөнөкөй жарандарга көрүүгө болбойт/жана буга кайдыгер мамиле кылууга дагы болбойт.

Аларга кайдыгер мамиле кыла турган болсо, алардын өкмөттөрү экономикалык кризистин, революциялардын, санкциялардын жана ири авторитардык кошуналардын бажы согушунун соккусунда калуу тобокелчилигине кабылышат. Бул кантип иштейт?
Борбордук Азиянын геосаясатына кандай байланыштар таасир этет?

«НИТИ» ДОЛБООРУ — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирөөсүндөгү процесстер аймактагы калган өлкөлөргө кандайча таасирин тийгизери жөнүндө айтып берген аналитикалык долбоор

ЧЫГАРЫЛЫШТЫН ТЕМАСЫ

Эмгек миграциясы

Долбоордун маанилүү бөлүгү мындай процесстер жөнөкөй адамдардын жашоосуна кандай таасирин тийгизерин түшүнүү болуп эсептелет

Борбордук Азия жана Эмгек миграциясы
«СЕН КАЯКТА ЖҮРДҮӉ?»

37 жаштагы Бишкектик Жылдыз көп жылдар бою Россияда иштеп келген. Кетүү тууралуу чечимди ал 2007-жылы Туризм академиясынын төртүнчү курсунда окуп жатканда кабыл алган – атасы жумушсуз калган, кичүү сиӊдилери болсо университетке жаӊы тапшырышкан эле, үй-бүлөсүнүн акчасы жок болчу.

Ошол убакытка чейин ал Россияны өзү иштеп акча таба турган өлкө катары караган эмес, бирок анын андан башка бир дагы жерде жумушка орношууга жардам бере турган тааныштары жок болчу. Ал эми Москвада болсо мындай адам классташы болгон.

Кыз көбүрөөк акча табууну жана Бишкектен кафе ачууну пландаштырган. Бирок убакыттын өтүшү менен пландар өзгөргөн.

— Мен бардык мигранттар сыяктуу эле поэзд менен бардым. Жол узун, ар кандай окуяларга бай болду. Биздин арабызда «секирикчилер» – билети жоктор бар болчу – деп эскерет Жылдыз. – Коркуу сезими болгон эмес. Кырдаалды мен бир гана поэзд Казан темир жол бекетине жеткенде жана «даярдангыла, жакында чыгуу!» – деп жарыялай баштаганда түшүндүм. Мен ошол кезде минтип ойлонгом «а эгерде менин дос кызым келбей калсачы, мен каякка барам?». Мен өз жоопкерчилигимди өз мойнума алып, өзүмдү коркунучка жана тобокелчиликке салып эле баргам да. Ал кезде мен абдан жаш жана энергиялуу болгон окшойм.

Жылдыз жолдуу экен. Дос кызы келиптир. Эки күндөн кийин кыз өзүнүн биринчи жумушун тапкан, бул абдан таӊ калычтуудай болгон, себеби көптөгөн мигранттар тиешелүү документтери жок узак убакытка чейин өздөрүнө жумуш таба алышчу эмес. Кичине анча-мынча куулук жана эптүүлүк эле керек болгон.

— Баары «Биз канча күндөн бери документтерибиз жок орношо албай жүрөбүз» – деп таӊ калышты. Мен дароо компьютерге олтурдум дагы интернет-издөө аркылуу жумуш издей баштадым. Ошентип таптым. Ал шаардын экинчи бөлүгүндөгү кафе болчу, кожоюндары армяндар экен, мен официант болуп орноштум. Ал учурда жумуш иштөө үчүн уруксат кагазы керек эле, менде болсо андай жок болчу да, бирок мен бардым дагы аларга «жасап жатам [уруксат кагазын] жана баары дээрлик даяр болуп калды, мени жумушка ала берсеӊер болот» – деп калп айттым. Алар балким, менден ишенимди сезишти окшойт жана дароо жумушка алышты. Ал жерде мен эртеӊ мененки саат 10.00дөн баштап, кечки 8.00гө чейин иштечүмүн. Кезек-кезеги менен алмашып иштечүбүз, жумуш аяктаганга чейин метрого жетишип дагы үлгүрчүбүз. Мен ал жерде аз эле болгону бир айга чукул иштедим, андан кийин бир сутка иштеп экинчи суткасында эс ала турган жумуш таптым жана эмгек акысы дагы эки эсеге көп болчу. Мен ал жерде бармен-официант болчумун. Кожоюндары дагы эле армяндар болчу, алардын эки пункту бар эле – бирөөсүндө ресторан, экинчисинде спорт-бар. Элдер футбол көргөнү келишчү, контингент жеӊил болчу.

Бир айдан кийин кыз кошумча жумуш таап алган – бильярд залына маркёр болуп орношкон. Эс алганга убакыт дээрлик калган эмес. Ушундай режимде Жылдыз жарым жыл жашаган. Мигранттардын арасында бул – сейрек көрүнүш эмес.

— Биздин кыз-келиндер бир жумушта эле эмес, бир нече жумушта иштешет. Ошол мен иштеген жерде биздин пол жууган эжебиз бар эле – ал эртеӊ мененкисин театрда иштечү, түштөн кийин бизде, ал эми кечинде болсо дагы башка бир жерде иштеп кошумча акча тапчу.

Ушул он жылдын ичинде Жылдыз ар кандай иш орундарында жана компанияларда иштеди. Коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүн, аны диспетчер болуп иштөөгө чакырган аял менен бактылуу таанышуудан кийин алмаштырган. Ошондон бери ал үчүн жеткиликтүү вакансиялардын чеги өскөн – кыз менеджер, SMM-адис болуп иштөөгө өткөн, жарнаамалык жарыялар камтылган диаспоралык гезитти чыгарууну колго алган.

— Кыргызстандан мен жумуш издеген деле жокмун, себеби москванын эмгек маянасынан кийин кичинекей эмгек акы үчүн иштегенди каалаган жокмун, деп белгилей кетти кыз.

Ушул он жылдын ичинде каарманыбыз убак-убактысы менен Кыргызстанга келип турчу, бул аралыкта ал турмушка чыккан жана беш бала төрөгөн. Россияга иштеп акча таап иштеп келүү үчүн кийинки жолу күйөөсү менен барган. Жылдыз өзүнүн Россияга иштеп акча табуу үчүн баруу чечимине 80 пайызга ыраазы экенин айтат. 20 пайызы болсо – бул күйөөсү экөө эки жылга таштап кеткен балдарынын алдында өзүн күнөөлүү сезүү сезими.

— Күйөөм экөөбүз кеткенде биздин балдарыбыз 3 жана 2 жашта болушчу. Азыр болсо алар өспүрүм куракка келип калышты, а көйгөйлөр болсо эмитен баштап эле сезилип жатат. Улуу кызым кээде минтип айтат: «Сен кетип калбадыӊ беле, сен бизди таштап кеткенсиӊ да. Сен кайда жүрдүӊ эле?». Азыр болсо жакшы болуп калды, бирок мен тааныштарыман миграциядан улам алардын балдары менен мамилелери татаал экенин билем. Биз – мигранттардын биринчи агымы эмеспиз – менимче экинчисибиз, биринчи агымы – азыркы учурда балдары үй-бүлө куруп калган мигранттар, мына ошол жерде дагы көйгөйлөр бар экендиги сезилүүдө, мен ар кыл басылмалардан ата-энелер менен алардын балдары бири-бирине таптакыр чоочун болуп калышкандыгы тууралуу окуп калам. Бул чындыгында эле көйгөй да. Ал эми бүгүнкү күндө канчалаган балдар ата-энесиз калып жатышат? Азыр бул байкала элек. Болгону 17 гана жыл өттү жана мен өзүм мындан биз туура эмес кылган экенбиз деген сабак алдым.

Жети жыл мурун Жылдыз Кыргызстанга биротоло кайтып келген. Буга атасынын ооруп калганы себепчи болгон. Жылдыз кайтып келгенине эч качан өкүнбөйт. Жылдыз күйөөсү менен чогуу балдар азыктары дүкөнүн ачкан, азыр болсо анын беш филиалы бар.

— Башында оор болду. Кайтып келген соӊ, эки жылдан кийин жаӊы жолдорду издеп баштадык, ошондон бери кайра кетүү тууралуу таптакыр оюбуз жок.

Мигранттар Кыргызстанда маанилүү күч болуп саналышат (анын ичинде каржылык дагы), алар Кыргызстандын өзүнчө аймактарын жакшы тарапка өзгөртүүгө жөндөмдүү. Бирок аларга адамдардын демилгелерин бириктирүүгө жана багыттоого жөндөмдүү, достук мамиледеги мамлекеттик түзүмдөрдөн турган жөнгө салуучу фактор жетишпей жаткандыгы ачык эле сезилип турат. Муну менен катар миграция, анын өзүнүн бардык каржылык кайтарымдуулугун эске алганда дагы, – бул ал процесске тартылган Кыргызстандын бардык жашоочулары үчүн өзүнчө бир маданий жана муун аралык нес кылган абал болуп саналат.

ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ. ТАЛДОО
ЭКОНОМИКАЛЫК ӨЗ АРА КӨЗ КАРАНДУУЛУК

Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эмгек миграциясы дүйнөдөгү абдан ири миграциялык коридорлордун бири. Батыш Европа, Сауд Аравиясы жана АКШ өлкөлөрү менен катар эле Россия Федерациясы мигранттарды тартуунун ири борбору болуп саналат.

2020-жылдагы кризиске чейин Россия Федерациясына ар жыл сайын 15-16 миллион чет жердик жаран кирчү. Алардын 30% аз эмес бөлүгү өлкөгө жумушка орношуу максатында келишчү.

Бул Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн мигранттардын акчалай которууларынан көз каранды болуунун өзгөчө жана өтө маанилүү факторун пайда кылды. Алсак, Кыргызстан үчүн бардык мамлекеттик бюджетке караганда мигранттардын которуулары көбүрөөк маанилүү жана ички дүӊ өнүмдүн 30% ашыгын түзөт. РФдан которуулар аймактагы башка өлкөлөр үчүн дагы маанилүү.

Борбордук Азия өлкөлөрү Россияга эмгек мигранттарын негизги жеткирип берүүчүлөрдөн болуп саналышат. Ал жерге негизинен Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Таджикистандан барышат. Эмгек миграциясынын себептери катары эксперттер жумушсуздуктун деӊгээлинин жогорулугун жана эмгек маянасынын деӊгээлинин төмөндүгүн аташат.

Эмгек мигранттарынын саны тууралуу Россиянын жана мигранттар чыккан өлкөлөрдүн статистикалык комитеттеринин маалыматтары ар түрдүү болууда.

Алсак, Өзбекстандын Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлигинин көрсөткүчтөрү боюнча, 2021-жылы өзбек эмгек мигранттарынын саны Россияда 1 036 305 адамды түзгөн, ал эми россиянын статистика кызматынын көрсөткүчтөрү боюнча, 2021-жылы Өзбекстандык 4 519 618 жашоочулар миграциялык каттоого алынышкан.

ЕАЭБ түзүлгөндөн кийин россиялык миграция органдарында катталган, иштөө максатында барган мигранттардын саны эки эсеге өскөн. Белгилей кетчү нерсе, бул жерде буга жеӊилдиктер карала баштаган ЕАЭБ өлкөлөрү чоӊ роль ойногон эмес (ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары патенти жок иштей алуулары мүмкүн, кирген өлкөдө болуу мөөнөтү көбөйтүлгөн), ага салыштырмалуу ЕАЭБге кирбеген Өзбекстандан киргендердин саны 2016-жылдан баштап 3 миллиондон ашыкка чейин өскөн.

Эксперттердин белгилөөсүнө ылайык, мындай көрүнүш ошол же бир эле адамдардын бир нече жолу эсептелиши менен түшүндүрүлүшү мүмкүн – алар бир жылдын ичинде чыгуулары жана кирүүлөрү дагы мүмкүн.

Өзбекстан ЕАЭБ кирбегенине карабастан, РФ жана Өзбекстан каттоосуз болуу мөөнөтүн 15 күнгө чейин көбөйткөн (кадимки мөөнөтү – 7 күн) «келүү тартиби жөнүндө» эки тараптуу макулдашууларды түзүүгө жетишүүдө.

Өзбекстан ЕАЭБ кирбей туруп эле эмгек мигранттарын алмаштыруу чөйрөсүндө маанилүү ийгиликтерге жетише алды. Белгилей кетчү нерсе, он жыл мурун өзбек өкмөтү мигранттардын акчасынан көз карандылыкты толугу менен жоюуга умтулууну жарыялашкан. Бул максатта Өзбекстанда калктын жан башына карата ички дүӊ өнүмдү олуттуу түрдө жогорулатууга жетишүү пландаштырылган.

Өзбекстан өкмөтү «Өзбекстандын 2030-жылга чейин түзүмдүк трансформациялоо жана экономикалык өнүгүү стратегиясы» (Стратегия-2030) деген аталыштагы өнүгүү программасын өзүнүн максаты катары коёт. Бул стратегиянын алкагында экономикалык өнүгүүнү ыкчамдатуу жана 2012-жылга калктын жан башына карата улуттук дүӊ кирешени 1700 АКШ долларынан аз эмес, 2030-жылга карата болсо 4000 АКШ долларынан аз эмес деӊгээлге чейин көтөрүү, тактап айтканда, калктын жан башына карата улуттук дүӊ кирешени калктын кирешесинин орточо деӊгээли жогорку сегменттеги өлкөлөрдүн тобунун деӊгээлине чейин көтөрүү пландаштырылууда. Стратегия-2030 максаттарына жетишүү Өзбекстандын жарандары үчүн сапаттуу жумуш орундарын түзүүдөн түздөн түз көз каранды. Бул стратегия жакырчылыктын тамырын кыркууга жана орто классты жайылтууга багытталган.

Бүгүнкү күндө биз Өзбекстандын өкмөтү бул пландардан толугу менен баш тартып эле тим болбостон, ошондой эле Россия менен миграциялык алмашууну глобалдуу, дайыма туруктуу өнүгө турган бизнес-долбоорго айланта алды деп констатацияласак болот.

Россиянын статистика кызматынын көрсөткүчтөрүнө ылайык, 2021-жылы РФга жумушка орношуу максатында 9 530 934 адам келген, алардын ичинен 84%– Борбордук Азия өлкөлөрүнөн. Баарынан көп эмгек мигранттары Өзбекстандан келген — 4 519 618, Тажикстандан — 2 439 198 адам жана Кыргызстандан — 884 133. Казахстандан 163 938 адам чыгып кеткен.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2021-жылы (Миграция жана өнүгүү» баяндамасы), Кыргызстан жана Тажикстан өлкөгө мигрантардын акчалай которууларынын үлүшү көп беш өлкөнүн катарына киришкен.

Бул тизменин биринчи сабында Ливан турат, экинчи –Того, үчүнчү орунда Тажикстан жана төртүнчү Кыргызстан турат.

12 жыл аралыгында Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүндө мигранттардын акчалай которууларынын үлүшү 25,3 төмөн түшкөн жок, ал эми орто эсеп менен алганда 12 жыл аралыгында акчалай которуулар ички дүӊ өнүмүнүн 29 пайызын түздү. Кыргызстанда ички дүӊ өнүмүндөгү акчалай которуулардан көбүрөөк үлүшү 2021-жылы келип түшкөн – бул жылы 8,5 миллиард долларды түзгөн ички дүӊ өнүмдүн 2,7 миллиард долларын өлкөгө мигранттар которгон. Азыраак үлүшү 2015-жылга туура келген – 6,6 млрд доллардан турган ички дүӊ өнүмдүн 1,6 млрд долларын мигранттар которгон. Ал кезде Россияда орун алган валюталык кризистин фонунда Кыргызстандагы акчалай которуулардын көлөмү 25% кыскарган, Таджикстанда – 33%, Өзбекстанда – 48% кыскарган.

2009-жылдан баштап, 2019-жылга чейин мигранттар өлкөгө 19 миллиард доллар которушкан, бул экспорттун көлөмүнөн дагы ашып түшөт. Бул которуулардын 82% Россиядан келет.

*Дүйнөлүк банк Россиядан которулган акчалай которуулардын үлүшү жөнүндө көрсөткүчтөр ар башка өлкөлөр боюнча Россиянын Борбордук банкынын көрсөткүчтөрүнөн алынганын белгилейт, ага ылайык Кыргыз Республикасына которуулар 82% көрсөттү, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирген үлүшкө караганда 71% жогору болуп эсептелет.

Жалпысынан, Борбордук Азиянын миграциялык агымы 2022-жылга чейин Россия Федерациясынын экономикалык түзүлүшү менен аяктап, өзүнүн түндүк кошунасынан күчтүү каржылык көз карандылыкты калыптандырды деген корутунду чыгарууга болот.

ЕАЭБ макулдашуулары (биринчи планга ылайык) Россияны жумушчу күчтөрүнүн туруктуу келүүсү менен камсыз кылган механизмге айлантышы керек болчу. Бул Кыргызстандын мисалында жакшы ишке ашты.

Тажикстандын ички дүӊ өнүмүндө акчалай которуулардын үлүшү Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрү боюнча 2021-жылы 33,4% түзгөн. 20 жыл ичинде акчалай которуулардын эӊ жогорку үлүшү 2008-жылы келип түшкөн – ички дүӊ өнүмдүн 44, 1% түзсө, 2009-жылы дароо төмөн түшүп кеткен, ал эми 2011-2013-жылдары мурунку деӊгээлине кайтып келген. 2013-жылдан кийин 26,7-29,7% чейинки туруктуу төмөндөө байкалган.

Доллар түрүндөгү которууларды Тажикстандын жашоочулары 2013-жылы жөнөтүшкөн – 3, 7 млрд доллар, ал эми 2021-жылы болсо бул сумма 2,92 млрд долларды түзгөн.

Которуулардын саны болсо, мамлекетке бир жылдын ичиндеги өз өндүрүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодон келип түшкөн суммадан маанилүү эле деӊгээлде жогору болуп саналат. 2021-жылы бул экспорттун 204,8% түзгөн.

Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрү боюнча, Россиядан акчалай которуулардын үлүшү 58% түзсө, ал эми Россиянын Борбордук банкынын көрсөткүчтөрү боюнча – 61,4%.

Бир адамга карата акчалай которуулардын эӊ чоӊ көрсөткүчү Кыргызстанга тиешелүү – 416 АКШ доллары, Тажикстанда болсо – 299 АКШ доллары.

Өзбекстан эмгек миграциясынын жана акчалай которуулардын көрсөткүчү жогору экендигине карабастан, акчалай которуулар ички дүӊ өнүмдүн маанилүү бөлүгүн түзгөн өлкөлөрдүн тобуна кирбейт. Бул ички дүӊ өнүмдүн өлчөмү боюнча айырмачылыктардын өтө чоӊ экендиги менен байланыштуу. Эгерде Кыргызстанда жана Тажикстанда ички дүӊ өнүм (2021-ж.) салыштырмалуу түрдө 8,5 жана 8,7 млрд доллардын деӊгээлинде болсо, бул Өзбекстанда ички дүӊ өнүм 69,2 млрд долларды түзөт.

«Жумушсуздуктун жана мамлекеттик бюджеттеги дефициттин деӊгээли жогору болгондуктан, бул өлкөлөр (Борбордук Азия) ички суроо-талапты колдоо үчүн коомдук сарптоонун өлчөмүн жогорулата алышпайт жана сырттан келип түшкөн акчалай которуулардан абдан көз каранды» -деп белгилешет Дүйнөлүк банктын эксперттери өздөрүнүн «Миграция жана өнүгүү» деген баяндамасында.

Мындай сандык көрсөткүчтөрдүн жогорулугу акча жөнөтүлүп жаткан өлкөдөн көз карандуулукту далилдеп турат. Борбордук Азия-Россия миграциялык өз ара аракеттенишүүсүнүн шартында Россия менен мамилелер солгундай турган болсо (өзү эмгек мигранттарынан турган жумушчу күчтөргө муктаж), кысым көрсөтүүнүн кошумча рычагдары пайда болот.

Мисалы, Кыргызстандык мигранттар өлкөнүн бир жылдык бюджетине салыштырмалуу көбүрөөк акча иштеп табышат (Кыргызстандын бир жылдык бюджети акчалай которуулардын көлөмүнөн азыраак), ошондуктан мамлекет мигранттарды инвестициянын кошумча булагы катары карайт.

Убак-убагы менен кайтып келип жаткан эмгек мигранттары жакыр жашагандар үчүн үйлөрдү жана көпүрөлөрдү курушат. Мигранттардын акчасы 2019-жылы өлкөнүн инфраструктурасынын өнүгүшү үчүн дагы иштей баштады – өкмөт эмгек мигранттарынан атайын түзүлгөн өнүктүрүү фонддоруна акча которууну суранды. Мындай фонддордун бирөөсүнө миллион долларга жакын каражат тартылган. Бул акчага беш бала бакча, алты спорт зал салынып, төрт километр асфальт төшөлгөн.

Эл аралык эмгек уюмунун көрсөткүчтөрүнө ылайык, 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча эмгек мигранттарынын саны164 млн деп эсептелген, алардын ичинен 58% – эркектер. Адатта эмгек мигранттарынын өздөрү же укук коргоо уюмдары, алардын укуктарынын бузулушу үзгүлтүксүз түрдө орун алып жаткандыгы тууралуу айтып келишет. Алардын укуктарын бузган эӊ көп көрүнүш эмгек келишими жок иштетүү болуп эсептелет. Мындай шартта жумуш берүүчү жумушчуну эмгек акысын төлөбөй жумуштан бошотуп жибериши мүмкүн.

Айрым учурларда эмгек миграциясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички процесстерине терс таасирин тийгизет деп божомолдосок болот. Келгиле, төмөнкү эки графикти салыштырып көрөлү.

Мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн саны өзгөрбөгөнүнө карабастан – Кыргызстанда жыл сайын жогорку билим алган жаш жашоочулардын саны азаюуда.

Бул көрсөткүч – 2016-жылы 52 000 болсо, 2021-жылы 35 000 чейинки маанилүү деӊгээлде төмөндөп кеткен. Буга карама-каршылыктуу түрдө болсо, ушул эле убакыт аралыгында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн саны 90 000ден 98 000ге чейин өскөн. Башкача айтканда, Россия Федерациясынын эмгек рыногунда суроо-талап төмөн болуучу жогорку билимдүү жаш адамдардын санынын өсүү агымы пайда болору айкын.

«Биздин ЖОЖдордо 230 миӊ студенттер окуп билим алышууда, орто кесиптик билим берүү системасында 93 миӊ, баштапкы кесиптик билим берүү системасында – 32 миӊден 35 миӊге чейин. Көптөгөн жогорку билимдүү адамдарга карата эмгек рыногунда суроо-талап жок. Алар башка кесипке ээ болуу үчүн кыска мөөнөтүү окутуу курстарына барышууда – ашпозчу, чач тарач ж.б.».

Гүлнур Мамырова
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Бул түшүндүрмө дагы көӊүл бурууга арзыйт. Бирок, иликтөөгө алынган убакыт аралыгында (2016-жылдан баштап, 2021-жылга чейин) Россия Федерациясына Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны 300 миӊден 800 миӊге чейин өскөн, башкача айтканда өсүү биз кайдыгер карай албай турган фактор болуп эсептелет.

АРАЛЫК КОРУТУНДУ
Борбордук Азия боюнча Россия Федерациясында дүйнө жүзү боюнча ири миграциялык коридор түзүлдү. ЕАЭБ алкагындагы макулдашуулар бул биримдикке кирген өлкөлөрдөн барган мигранттардын документтерин жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөштүрүүдө жана аларды өткөрүүдө маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле ЕАЭБ кирбеген Борбордук Азия өлкөлөрү дагы Россия Федерациясы менен өз жарандарынын чек арадан өтүүсүн жана жумуш издөөсүн жеӊилдете турган макулдашууларды түзүшүүдө. Борбордук Азиядагы 5 өлкөнүн ичинен 3 өлкө үчүн эмгек миграциясы мамлекеттик бюджетти толтуруудагы маанилүү фактор болуп саналат. Эмгек миграциясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички саясатына маанилүү таасирин тийгизет. Аймактын айрым бир өлкөлөрүндө мурунку борбордун экономикасын тейлөөгө экономикалык жактан өзгөчө багытталган бир нече жумушчу муун өсүп чыкты.

Материалды Хадиша Акаева (CABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин катышуучусу), Болот Сатаркулов, Илья Бароховский, Адил Турдукулов, Галым Агелеуовдон турган THREADS Долбоорунун командасы даярдаган.












 479 всего,  3 

от Askar

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *